Бүгүн, 4-апрель. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
УКМК “Электр станциялары” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Узак Кыдырбаев жана Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо тобуна башчылык кылган Темирлан Бримкуловду кармап, 2 айга тергөө абагына киргизди.
2-апрель күнү УКМК Бишкек ЖЭБинин, “Электр станциялары” ишканасынын жана “Улуттук энергетикалык холдингдин” айрым кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин “Коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш ишин ачкан. Кыштын суугу күчөп турган маалда Бишкек ЖЭБинде орун алган өндүрүштүк кырсык боюнча үстүбүздөгү жылдын 30-январында Башкы прокуратура “шалаакылык” беренеси менен кылмыш ишин козгогон эле. Жогорудагы иш ушул кылмыш ишинен өзүнчө өндүрүшкө бөлүндү.
Узак Кыдырбаев “Электр станцияларынын” жетекчилигине 2017-жылы июлда, жаӊыланган ЖЭБдин салтанаттуу ачылышы болгондон 1 ай мурун дайындалган. Ал эми Бримкулов 2013-2017-жылдары ЖЭБди жаӊылоо тобун жетектеген. Жылуулук борборун жаӊылоо боюнча жумушчу топто Бримкуловдун баласы да болгону ачыкка чыкты.
Бүгүн өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевди жана Коррупцияга каршы кызматтын башчысы Сагынбек Исмаиловду кабыл алды. Президентке ЖЭБдеги авария, аталган жылуулук борборун модернизациялоо жана башка резонанс жараткан окуялар боюнча ачылган кылмыш иштери жөнүндө маалымат беришти. Сүйлөшүү аягында Жээнбеков коррупцияга каршы күрөш коомчулуктун көзөмөлүндө турганын айтып: “Коррупциялык кылмышка тиешеси бар ар бир чиновник мурдагы жетишкендиктерине жана эмгегине карабай сөзсүз жоопкерчиликке тартылууга тийиш”, - деди. Азырынча ЖЭБди жаңылоого байланыштуу күмөндүү иштер боюнча төмөнкү звенодогу чиновниктер гана кармалып, 386 миллион долларлык долбоорду Кытайлык ТВЕА компаниясына берүүгө, келишимди парламенттен алып өтүүгө зор салым кошкон экс-министрлер, парламент депутаттарына кезек жете элек. Бул окуя терең иликтенсе энергетика тармагын бийлеген бир ууч топту эле эмес, өкмөттү, балким Жогорку Кеңешти да жайпап өтөт...
Президент Сооронбай Жээнбеков УКМКнын 9-бөлүмүнүн башчысы Дамир Мусакеевди кызматтан бошотту. Мусакеев – экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы. 9-бөлүмдү, тактап айтканда, Мамлекеттик күзөт кызматын 2016-жылдын 1-июнунан бери жетектеп келген. Өткөн аптада КСДП партиясынын курултайында Мусакеев экс-президент Алмазбек Атамбаевди кайтарып жүргөнү коомчулукта кызуу талкууга түшкөн. Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчиси өлкө башчысын эмес, мурунку президентти, мурунку иш берүүчүсүн жандап, кайтарып жүргөнү түшүнүксүз көрүнүш болгон. Андыктан Мусакеевдин кызматтан алынышы күтүлүп жаткан окуя эле. Эми бул кызматтын жетекчилигине ким келет? Дагы бир жан сакчыбы?..
Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзийоев жыйынтыкты сөз менен эмес, иш менен көрсөтүү кандай болорун көрсөттү. Анын демилгеси менен Өзбекстандагы этникалык кыргыздар жашаган Манас айылы 45 күндө таанылгыс болуп өзгөрдү. Февраль айында президент Шавкат Мирзийоев Манас айылын оӊдоого тапшырма берип: “Биз өнүгүүнү борбордон алыс жайгашкан, шарты катаал, жакыр айылдардан баштабасак, эл бизге ишенбейт” деген эле. 1,5 айда эски үйлөр, имараттар толугу менен сүрдүрүлүп, ордуна 2 кабаттуу көп батирлүү үйлөр, поликлиника, спорттук аянтча, спорт залы, бала бакча курулуп, көчөлөргө асфальт төшөлүп, жарык берүүчү лампалар орнотулуп, айтор, баткакка белчесинен баткан эски кыштак заманбап айылга айланды.
Өзбек лидеринин бул иши ал өлкөнүн чиновниктерине эле эмес, аймактагы Мирзийоевдин кесиптештерине, коңшу өлкөлөрдүн чиновниктерине да мастер-класс көрсөткөндөй эле болду. Тилекке каршы, Кыргызда сөздүн ишке айланышына өтө көп убакыт керектелет. Мисалы, өлкө 6 жылдан бери Бишкекти, Ошту “Коопсуз шаарга” айланта албай убара. Бул жылдар аралыгында өтө көп жолу трибуналардан кооз сөздөр айтылды, убадалар берилди, иш башталбай жатып соттошуулар орун алды, бирок Бишкекте абал өзгөрбөдү. Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылды "Аймактарды өнүктүрүү жылы" деп жарыялаган. 3 айдан бери президенттик аппарат да, өкмөт да, Жогорку Кеңеш дагы тымызын бийлик бөлүштүрүү, талашуу менен убара. Аймактарды өнүктүрүүнүн иш-планы жарыялана элек...
Парламентте “Республика–Ата Журт” фракциясынын лидери алмашты. Бул окуяны күтүүсүз да, күтүлгөн да иш деп атаса болот. Бул окуя болордон бир нече саат мурун SUPER.KG порталына фракциянын "бабановчул" депутаттары комментарий беришип, дегеле фракция лидери алмашат деген кептен кабары жоктугун билдирип жатышкан. Бирок көрүнүп тургандай, Ак Үйдө каңшаар кептер бекеринен айтылбасы дагы бир ирет далилденди. 3-апрелде РАЖ кезексиз жыйында Руслан Казакбаевди лидерликтен кетирип, ордуна Жыргалбек Турускуловду шайлады.
Руслан Казакбаев - 2015-жылкы шайлоодо “РАЖдын” алдыңкы катарында парламентке келген, фракциядагы салмактуу, тажрыйбалуу депутаттардын бири, партиянын түптөөчүсү, учурда өлкөдөн сыртта жашырынып жүргөн Өмүрбек Бабановдун ишенимдүү кадры. Ал 2017-жылы ноябрда Өмүрбек Бабановдун ордуна фракция лидерлигине шайланган эле. Ошентип, 3 жыл мурун Жогорку Кеӊешке 2-орунда келген 28 мандаттуу “Республика–Ата Журт” көпчүлүк тааный бербеген депутат Турускуловдун колуна тийди. SUPER.KG порталына Турускулов комментарий берип, Казакбаев депутаттар ишеним көрсөтпөгөнү үчүн лидерликтен алынганын, кезексиз жыйын фракция лидеринин орун басары, депутат Талант Мамытовдун жетекчилигинде өткөнүн, Казакбаев өзү катышпаганын билдирди. Талант Мамытовдун демилгесинде лидер алмаштырылганына караганда "РАЖдын" фракция жетекчилиги Мамытовдун жакын досу, "Республика-Ата Журтту" Өмүрбек Бабанов менен биргеликте парламентке алып келген Камчыбек Ташиевдин тассирине өттү. Камчыбек Ташиев президенттик шайлоодо кимди жандап жүргөнү коомчулукка белгилүү.
Учурда парламенттин коридорлорунда “жакынкы күндөрү Жогорку Кеӊештеги башкаруучу коалиция тарайт” деген сөздөр айтылууда. Маалыматтарга караганда коалицияны таратуучу ролду “Бир бол” фракциясы колго алмакчы. 2016-жылы өзгөртүлгөн Конституция боюнча фракциялардын коалициядан чыгуу тартиби татаалдашып, муну менен өкмөткө байкаларлык деңээлде стабилдүүлүк келген. Жаңы баш мыйзамга ылайык башкаруучу коалициядан чыгуу жөнүндө фракциянын чечимин фракциядагы депутаттардын үчтөн экиси колдошу керек. Фракциянын чечимин бекемдеген токтомго коалициядан чыгуу үчүн добуш берген ар бир депутат кол коюп берүүгө тийиш. Албетте, бул процедураны ишке ашыруу 38 мандаты бар КСДПга караганда 12 мандаттуу “Бир болго” кыйла жеӊил болот.
Жогорку Кеңештин трибунасынан өкмөттү алмаштыруу чакырыгы буга чейин эле айтылган. 28-марттагы жалпы жыйында "РАЖдын" депутаты Курманкул Зулушев ушундай демилге көтөргөн. 31-март күнү өткөн КСДПнын курултайынан кийин журналисттерге пресс жыйын өткөргөн экс-президент Алмазбек Атамбаев бул депутатты “соттордун атын булгаган Зулушев”, - деп сындаган. Мурунку президент бул депутаттын артында кимдер турганын көрүп турам деп, Сапар Исаков Бажы кызматынын көмүскө кожоюну болуп алган Раим Матраимовду кызматтан кетирген соң, кайсы бир топтун каарына калганын билдирген. Жогорку Кеӊеш маанилүү окуянын оозунда турганын депутат Дастан Бекешев да жарыялады. Бекешев бүгүн социалдык тармактагы баракчасына парламенттин ичинде кызык процесстер жүрүп жатат деп жазды. Чын эле көшөгө артында олуттуу процесс жүрүп жатканын далилдегендей депутаттар бүгүнкү жалпы жыйынды бир саатка жетпеген убакытта бүтүрүп, кабинеттерге тарап кетишти...
Парламент депутаты Жанар Акаев “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчиси Алмазбек Ногойбаев Финполдун кызматкерлерин иш бөлмөсүнөн кууп чыкканын айтып чыкты. Депутат Ногойбаев иликтөө ишине тоскоол болуп жатат дейт.
1-мартта Жанар Акаев “Кыргыз темир жолундагы” коррупцияга шек жараткан иштерди атап, “ишканага таандык жерге Ногойбаевдин кызы мейманкана куруп алыптыр”, – деп билдирген. Ошондой эле “Кыргыз темир жолу” Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондунун акчасына сатып алган вагондор Казакстандан толук келбегенин, келгендеринин абалы талапка жооп бербей турганын айтып сындаган. Ногойбаев Өзбекстандын Кыргыз тарапка болгон 137 миллион сом карызын кечип жибергени да айтылган. Айтор коррупцияга каршы күрөшөбүз деп толкуп алган тийиштүү кызматтарга азыр “Кыргыз темир жолу” кызыктуу болуп турган чагы. Финполдун кызматкерлерин кууп чыкканына караганда Кыргызда башталган бул толкун “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчисине жакпай жаткан өңдүү...