Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-бөлүмүнүн башчысы Дамир Мусакеев кызматтан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Мусакеев берген арызынын негизинде кызматтан бошотулган. Тийиштүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Эске салсак, Дамир Мусакеев КСДПнын курултайында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жанында жүргөн сүрөт интернетте талкуу жараткан.
Мусакеев аталган кызматка 2016-жылы 1-июнда дайындалган. Ал Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы экени белгилүү.