Төкмө өнөрүнүн төрөсүнүн бири болгон Тууганбай Абдиевдин көзү тирүү болгондо бүгүн 81 жашка чыкмак. Төкмө акын, дастанчы, комузчу Тууганбай Абдиев 1937-жылы 7-апрелде Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун Ничке-Сай айылында туулган.
1955-жылы Токтогул райондук маданият үйүндө, 1956-1961-жылдары Жалал-Абаддагы кыргыз драма театрында иштеген. Ал эми 1961-жылдан тартып Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясынын артисти болуп, 1976-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин (азыркы Кыргыз улуттук университетин) аяктаган.
Театрга келгенге чейин эле алгачкы устаты Коргоолдон комузга коштоп ырдоону, айтыштын ар кыл түрлөрүн, Сарыкунандан (Сагынбек) дастандарды комуз менен аткарууну үйрөнгөн. "Чоң кербез", "Бала кербез", "Тогуз кайрык", "Мырза кербез", "Бала кербез", "Кара өзгөй", "Кер толгоо", "Ак тамак, көк тамак", "Ак Бакай", "Лу-лу Мамажан" комуз күүлөрүн, "Жаныш-Байыш", "Курманбек", "Ак Мөөр" кенже эпосторун жана башкаларды мурдагы авторлордун деңгээлинде аткарбастан, өз чеберчилиги менен алардын таасирдүүлүгүн ого бетер тереңдеткен. Ошондой эле "Эрке кыял" аттуу күүнүн автору.
Тууганбай Абдиевдин "Таңшы комуз" (1979-ж), "Ыр канатында" (1984-ж.) ыр жыйнактары жарык көргөн. Тууганбай Абдиев Кыргыз Республикасынын Эл артисти (1993-ж.), Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти (1986-ж.) болгон.
Ошондой эле төкмө акындардын "Ак таңдай - 1993", "Манас -1000" эл аралык айтыштарынын, "Курманбек - 500" дастанчылардын сынагынын жеңүүчүсү болгон.
Чет мамлекеттерде чыгармачылык гастролдо болуп, кыргыз искусствосун даңазалаган. Чет жердеги гастролдорунун биринде төкмөлүк өнөр кыргызга гана тиешелүү экендиги тууралуу төмөнкү саптарды айткан:
"Актаңдай башы манасчы,
Алты миң сапты бир айткан.
Жерибиз өнөр кенчи го,
Жети күнү токтобой,
Жааган жамгыр өңдөнүп,
Күн кеч кирсе, түнү айткан.
Желдей соккон кармалгыс,
Желип, желип олтурса,
Жети миң сапты бир айткан.
Кызый-кызый олтурса,
Кыргыздан гана жаралган,
Кырк миң сапты бир айткан.
Миң-миңи эмне болуптур,
Миллион сапты бир айткан,
Кыргыздан башка ким айткан?!"
Ошондой эле акын Тууганбай Абдиевдин "казактан көрдүм кокуйду, кагаздан акын окуйбу?" деген эки сабы дагы төкмөлүк өнөр кыргыздар аздектеп ала турган, кудайдан берилген касиет экенин билдирип тургандай.
Акындын "Махабат дастаны" тасмасында жараткан образы элдин эсинде калган. Бул тасма тууралуу акын төмөндөгүлөрдү билдирген:
“Асел неберемдей болгон кыз болсо, аны карап ырда дешет, тартынып ырдай албай койгом. Анан ал жерге Күнболот Досумбаевдин аялын отургузушту, анда да сүрдөсөм Дооронбек Саадырбаев өзү жоолук салынып отуруп, мен аны карап ырдап тартылгам. Мушташкан жеринде бетимди кан кылабыз деп жаш балдар жеген гематогенден сыйпап коюшкан. Алып барып бакка байлашса бетиме чымындын баары конуп абдан кычышты. Кино тартуу азап экен”, - деген.
Акын өмүрүнүн аягына чейин шакирттерди тарбиялаган. Улуу устататтан азыркынын айтылуу акындары болгон Элмирбек Иманалиев, Амантай Кутманалиев, Жеңишбек Жумакадыр, Аалы Туткучевдер сабак алган.
Тууганбай Абдиев узакка созулган оорунун айынан 2008-жылы 1-декабрда Бишкек шаарында каза болгон. Кыргыз Эл артисти Тууганбай Абдиевди акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсү 3-декабрда Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өткөн. Залкар төкмөнүн сөөгү 2008-жылы 3-декабрда Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.
7-апрелдин жылнаамасы.