Талас. Облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча 10 айдын жыйынтыгы чыкты
Талас облусунда акыркы 10 ай ичиндеги социалдык-экономикалык өнүгүүнүн
жыйынтыгы чыгарылды. Аймактык өнүгүү бөлүмүнүн башкы адиси Жаныбек
Тургунбековдун берген маалыматы боюнча, айыл чарба продукцияларынын жалпы өндүрүмдүүлүгү
азыркы баа менен 10 миллиард 298,2 миллион сомду, ал эми
мурунку жылга салыштырмалуу өсүшү 101,8% түздү. Көрсөтүлгөн убакытта
облуста 18,6 миң тонна эт, 65,8 миң тонна сүт, 1,3 миң тонна жүн жана 18,7 миллион
жумуртка өндүрүлүп, өткөн жылдан көбүрөөк түшүм жыйналган.