Бүгүн, 10-апрелде Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети өкмөттүн отчётун карап жатат. Учурда депутаттарга вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев маалымат берип жатат.
Ал өкмөт алдыга коюлган пландарды ишке ашырууга аракет кылганын, бирок кемчиликтер да болгонун белгиледи. "Акылдуу шаар" долбоорун айтып кетсек болот. Биз бул долбоорду ишке ашыруу үчүн бүт электрондук системди автоматташтырууга туура келет. 2018-жылы өз күчүбүз менен долбоорду ишке ашырууга аракет кылабыз. Кыйынчылыктарга карабастан ар дайым мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып келебиз", - деди Кенекеев.
Айта кетсек, өкмөт "Акылдуу шаар" долбоорун Кытайдын "Huawei Technologies Co.Ltd." компаниясы менен биргеликте ишке ашырмак. Бул долбоор милициянын ишинин ачыктыгын, ыкчамдыгын камсыз кылып, жол кырсыктарын азайтууга багытталган. Муну менен катар террордук жана криминалдык коркунучту алдын алуусу керек. Долбоордун алкагында Бишкек жана Ош шаарларына, стратегиялык мааниси бар жолдорго видеокөзөмөл камералары орнотулушу керек болчу.
Март айында өкмөт "Акылдуу шаар" инвестициялык долбоору боюнча милдеттенмелердин аткарылбагандыгына байланыштуу келишимден чыгууну чечкен.