Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңешке башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан бошотууну сунуштады

Президент Сооронбай Жээнбеков башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан бошотуу тууралуу сунушун парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетине жөнөттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына депутат Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Депутаттын айтымында, бул маселе бүгүн комитет жыйынында каралат.

Айта кетсек, 6-апрелде Башкы прокуратуранын бир жылдык отчётун "Ата Мекен", "Республика-Ата Журт" фракциялары "канааттандырарлык эмес" деп табышкан.

2016-жылкы жаӊы Конституцияга ылайык, президент баш прокурорду Жогорку Кеӊеште 61 депутаттын макулдугу менен иштен алууга укуктуу.

Маалымат үчүн: Индира Жолдубаева башкы прокурор болуп 2015-жылдын 29-январында дайындалган. Ага чейин 2010-2015-жылдар аралыгында президенттик аппараттын укуктук камсыздоо, соттук реформа жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмдөрүндө иштеген.
Индира Жолдубаева 1979-жылдын 11-апрель күнү төрөлгөн. Эртең анын туулган күнү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан