Мурадил Мадеминов "Сот тармагын реформалоонун башында Атамбаев эмес, Текебаев турган" дейт

"Сот тармагын реформалоонун башында Алмазбек Атамбаев эмес, Өмүрбек Текебаев турган", - деген пикирин бүгүн, 11-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Мурадил Мадеминов билдирди.

"Депутаттарга эскертип коёюн, 2010-жылы экинчи революциядан кийин сот тармагын реформалоонун башында Атамбаев турган эмес, Текебаев турган", - деди Мадеминов.

Буга жооп кылып "Ата Мекен" фракциясынын учурдагы башчысы Алмамбет Шыкмаматов жооп кайтарды.

"Мурадил Ганыевич, микрофонго чыкпай эле койсоңуз болмок экен. Сот реформасы боюнча парламент кеңеш түзгөн, ал кеңешти ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев жетектеген. Бул маселени токтотсок", - деди Шыкмаматов.

Айта кетсек, учурда парламент жыйынында юстиция министри жана өкмөттүн аппарат башчысы кызматтарына талапкерлер каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан