Нарын. Облуста 20 адам "Хизбут-Тахрир" уюмунун жактоочулары катары каттоодо турат
Нарын ОИИБинин басма сөз
кызматынын маалыматы боюнча облус боюнча 20
адам "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун жактоочулары катары каттоодо турушат. Алардын ичинен 15 жаран Нарын
шаарынан, ал эми 5 адам Ат-Башы районунан катталган.
Алардын ичинен 4 адам сот жообуна тартылган. Ошондой эле "Салафит" диний
уюмунда 2011-жылдан бери 3 адам каттоодо
турса, үстүбүздөгү жылдын 9 айында 1
адам каттоого алынып, алдын алуу иштердин натыйжасында 4 адам каттоодон чыгарылып,
бул уюмдагылардын үстүнөн тынымсыз
оперативдик көзөмөлдөө иштери жүргүзүлүүдө.
Мындан сырткары диний
экстремизмди алдын алуу максатында Ак-Талаа,
Жумгал, Кочкор райондорунда жана Нарын шаарында тегерек столдор өткөрүлүп, ММКларда чагылдырылган.
Облустун аймагында мыйзамсыз миграциянын алдын алууда жүргүзүлгөн
оперативдик-профилактикалык иштердин натыйжасында КРнын миграция мыйзамдарын бузган жалпы 68 чет элдик жаранга КРнын Административдик кодексинин 390-беренесинин 1-бөлүмү менен бардыгы 54000 сомдук айыптар салынып, толугу менен өндүрүлгөн.
Үстүбүздөгү жылдын 9
айында облустук Ички иштер органдарынын тергөө аппараттарынын өндүрүшүндө жалпы
508 кылмыш иштери ачылып, 443 кылмыш иши
боюнча алдын ала тергөө бүтүп, алардын 364 иши соттордун кароосуна жиберилген.