Футбол боюнча Кыргыз курама командасы дүйнөлүк рейтингде 40 тепкичке көтөрүлүп, айдын эң мыкты командасы аталды

Футбол боюнча Кыргыз курама командасы ФИФАнын жаңыланган рейтингинде Кыргыз тарыхындагы эң жогорку көрсөткүчкө жетип, 75-орунду ээледи.

Март айында Кыргыз курама командасы 2 беттеш өткөрүп, жеңишке жетти. 22-мартта Түштүк Кореянын Инчон шаарында Мьянма менен беттешип, 5:1 эсебинде жеңип алса, 27-мартта Бишкек шаарында Индия менен беттешип, 2:1 эсебинде жеңип алган. Бул жеңиштердин жыйынтыгында, Кыргыз курама командасы 424 упай топтоп, ФИФАнын рейтингинде 75-орунга көтөрүлдү.

Мындай көрсөткүч менен Кыргыз курамасы 40 тепкичке өйдө көтөрүлүп, айдын эң мыкты командасы аталды. Ал эми Азия өлкөлөрүнүн арасында Кыргыз курамасы 7-орунду ээлеп, Бириккен Араб Эмираттары, Сирия жана Ливан курама командаларынан ашып өттү.

Айта кетсек, ФИФАнын март айында жарыяланган рейтингинде Кыргыз курама командасы 115-орунга ээ болгон.

Футбол боюнча Кыргыз курамасы ФИФАнын рейтингинде 75-орунга чыкты
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (28)
asad345
2018-04-12 15:06:14
есть!!!!!
+4
nemo2016
2018-04-12 15:10:34
Азамматсынар Азамматсынар Азамматсынар...... Урааа урааа урааа урааа урааа урааа урааа Алга Кыргызстан бийиктиге бирге.
+6
ilgizk
2018-04-12 15:28:43
Россия 66 -орунда экен, а биз 75 -орунда өтө жакшы көрсөткүч ,
Өзбекстан канчанчы орунда экен
+6
take.kg86
2018-04-12 15:32:10
ilgizk,88 орунга жайгашыптыр өзбекстан
+4
kanybek1986
2018-04-12 16:20:26
азаматтар кыргыз олкосу эмес кыргызстан эле десе болбойбу
-3
almanbetperm
2018-04-12 16:54:06
kanybek1986,казакстан 119 )))))))
+6
a.sheralievic.91
2018-04-12 20:54:16
kanybek1986,kyrgyz Republik кыргыз өлкөсү
+2
dinar-87
2018-04-12 17:29:36
Ураа чындап суйундум мындан да жогорку тепкичтерге которулгуло .
+6
isabek1977
2018-04-12 19:23:13
Манастын урпактары менен ойношпогула.
+3
oroz_kg
2018-04-12 19:57:25
Эгерде жакшылап конул бурулганда...эхх..мындан да жогоруда болмокпуз! Бирок, 75 да жакшы эмес , эн жакшы ! Буйруса , Азия чемпионатында да жакшы оюн коргозсок , мындан да жогорулап , тиги жогорудагы аталарыбызда футболго конул буруп калар. Уялып!!
+3
a.sheralievic.91
2018-04-12 20:52:46
Ураааа, казакстан өзбекстан индия көрүнбөй эле калды го
Алга
+2
a.sheralievic.91
2018-04-12 20:56:17
Жеребевкада карзинаны башкарат экенбиз да кубок Азияда
+2
murat17
2018-04-13 01:28:26
алга жигиттер
+2
Baktybekov.Bakai00
2018-04-13 10:06:13
Кудай буйруса 5 6 жылда алдынкы ондука чейин которулобус Алга Кыргызтааан
+1
BekAmir
2018-04-13 11:15:50
А Крестинин мыкты машыктыруучу
+1
Maxatbek
2018-04-13 13:17:26
Крестинин көтөрүп жатат
0
SaIixa
2018-04-13 16:52:19
"Жылдын эн мыкты командасы" наамын дагы алуу насип этсин.
+1
azamat7386
2018-04-13 22:45:01
Азаматсынар! Ийгилик, туугандардан жогору турганыбыз жакшы болуптур
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан