Футбол боюнча улуттук курама Эл аралык футбол федерациясынын рейтингинде 20 орун алдыга жылып, 157-орунду ээледи

Футбол боюнча улуттук курамабыз Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) рейтингинде 20 орун алдыга жылып, 157-орунду ээледи. Рейтинг акыркы жолу бүгүн, 9-июлда жаңыланды. Бул тууралуу аталган уюмдун расмий сайты кабарлайт.

Маалыматка ылайык, өткөн айда Кыргыз Республикасынын улуттук курамасы бул рейтингде 209 кураманын ичинен 177-орунду ээлеген. 1 ай ичинде 2 оюн өткөргөн футболчуларыбыз Бангладешти конокто утуп (1:3), Бишкекте Австралияга утулуп (2:1) калышты. Улуттук кураманын карамагында 160 упай бар.

Дүйнөлүк рейтингдин алдынкы сабында да өзгөрүү болду. Дүйнө чемпиону Германия 1 жылга жакын убакыттан кийин 2-орунду ээлеп калды. Алдынкы сапка Америка Кубогунун финалында утулган Аргентина курамасы чыкты. Алдынкы ондукка Аргентина, Германия, Бельгия, Колумбия, Голландия, Бразилия, Португалия, Румыния, Англия, Уэльс сыяктуу курамалар кирди.  

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
warsaw.
2015-07-09 14:50:29
жакшы эң сонун,ушул темпте кетмек 100- орунга барабыз 2018 ге дери.
Австралия менен ничья ойногонубузда 147-орунга илешмек экенбиз эле .
+2
Vo_i_ni
2015-07-09 17:08:12
Жаман эмес, кудайга шугур, дагы жогорулай беришине тилектешмин.
0
saat1200
2015-07-09 17:21:43
Аллага шугур. Ийгилик каалаймын.
0
nurkasym-2014
2015-07-09 21:20:18
Мамлекет башкарып аткан милионерлер ушундай спортко демоорчу болуп берсе биздин спортчулар коп ийгилик жаратаар эле да.
+2
kama_future_millioner
2015-07-10 02:27:06
Жакшы эми Тажикстан мн Йорданияны утса дагыда алдыга жылат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан