Төрөбай Зулпукаров: "Өкмөттүн суранычы менен КСДП фракциясы отчётту эрте карады"

Кечээ, 11-апрелде КСДП фракциясы өкмөттүн отчётун карап, "канааттандырарлык" деген баа берген. Негизи фракция жыйындары аптанын жума күндөрү өтүп келген.

Аталган фракциянын лидеринин орун басары Төрөбай Зулпукаров SUPER.KG порталына билдиргендей, отчёт өкмөттүн суранычы менен эрте каралган. "Өкмөт отчётту жума күнү башка фракциялар карай турганын билдирген. Ошондуктан алар эрте карап берүүнү суранышкан", - дейт Зулпукаров.

Депутат Дастан Бекешев КСДПнын жума күнгө белгиленген башка иш-чаралары бар болгондуктан, өкмөттүн отчётун кечээ карашканын айтты. Бирок Бекешев эртең, 13-апрелде КСДПнын кандай иш-чаралары бар экенин ачыктаган жок.

Ал эми фракциянын катчылыгы фракция лидеринин чечими менен маселе эрте каралганын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан