Бүгүн, 13-апрелде "Республика-Ата Журт" фракциясы өкмөттүн отчётун угууну премьер-министр жыйынга келе албаганы үчүн башка күнгө жылдырды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына депутат Алтынай Өмүрбекова билдирди.
Анын айтымында, жыйынга премьер-министр Сапар Исаков өзү келиши керек. "Фракция жыйынына өкмөт башчыны чакырганбыз. Ал жүйөлүү себептер менен келе албай турганын билдириптир. Ошондуктан башка күнү өткөрүү боюнча чечим кабыл алдык", - деди Өмүрбекова.
Белгилей кетсек, аталган фракция өкмөттүн отчётун бүгүн карамак. 11-апрелде КСДП фракциясы отчётту карап, "канааттандырарлык" деген баа берген.