"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Оштогу "Мээрим" эс алуу жайындагы кирүүгө мүмкүн болбой калган даараткана оңдолду

Ош шаарындагы "Мээрим" эс алуу паркындагы ажаткана оңдолду. Бирок пайдаланууга май айында берилет. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 17-апрелде Ош шаардык мэриясына караштуу Муниципалдык менчик башкармалыгынын Жер тилкелерди ижарага берүү бөлүмүнүн башчысы Суюнбек Мамазаиров билдирди.

"Шаардык канализациядан суу келе элек болгондуктан пайдаланууга бериле элек. Учурда "Мээрим" эс алуу жайынын жанындагы "Токтогул" эс алуу паркында оңдоп-түздөө иштери жүрүп жатат. Ошол себептен суу убактылуу токтотулган. Суу май айында берилет, ошол мезгилден тарта ажаткана толугу менен пайдаланыла баштайт. Мындан ары эс алуу жайындагы тазалыкты көзөмөлдөп турабыз", - дейт жетекчи.

Эске салсак, буга чейин "Элдик кабар" рубрикасына WhatsApp аркылуу окурман Ош шаарындагы "Мээрим" эс алуу паркындагы ажаткананын абалы начар экенин билдирген. Ал эми аталган көйгөйдү чечүүгө тийиштүү жетекчилер 10 күндүн ичинде, тактап айтканда, 2-апрелге чейин чечилерин убадалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Ermekbai
2018-04-17 14:52:05
Автор азаматсың. Бул кабар СУПЕР ИНФОГО чыкпаганда дагы эле ошол бойдон турса керек эле. Супер инфо сиздерге да рахмат "Элдик кабар" деп элдин айталбай аткара албай жаткандарына жардам берип жатасыздар.
+15
Zainidin96
2018-04-17 15:03:14
Азаматсынар еми калганы элден болот таза караш керек
+7
Artyr1994
2018-04-17 15:48:34
Бергиле смартфонунарды ушул окурманга
+5
Dembele84
2018-04-17 16:15:31
Азамат элдик кабарга жоноткон ким болсо да!
+5
-Sumitra-
2018-04-17 18:57:34
Мээрим паркы Навои ушинтип озгоруп кеттиби аты?Же мен адашып жатамынбы?
+1
Gulzat-88
2018-04-17 19:28:55
-Sumitra-,Мээрим озунчо парк.Навои экоо жакын.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан