Ош шаарынын борбордук аянтында жайгашкан "Мээрим" паркынын дааратканасынын абалы өтө начар. Мындай билдирүүнү бүгүн, 20-мартта окурман "Элдик кабарга" жөнөтүп, сүрөттөрү менен бөлүштү.
Билдирүүгө ылайык, паркка келгендердин ар бири 20 сомдон акча төлөп кирет. Андагы дааратканын ичи өтө булганыч болгондуктан ага эл кирбей, бак-дарактын түптөрүн "булгашат".
"Мен 2 жума мурда келгенде да ушундай болчу, бүгүн майрам алдында келсек да ошол абал, жытына адам чыдагыс. Бул жерде башка даараткана жок, элге абдан ыңгайсыз. Паркка кирүү үчүн акы алынып жаткандан кийин ажаткананын да абалын караш керек. Паркты иштеткендер эс алуучулар булгап жатат деши мүмкүн, бирок убагында тазаланып, көңүл бурулса мынчалык жаман көрүнүшкө келмек эмес. Көптөн бери тазаланбай жатканы көрүнүп эле турат", - деп жазган окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.