"Салам бериш - карыз, алик алыш - парыз" деп кыргыздын макалдарында айтылгандай, учурашуу - адамдардын ортосундагы бири-бирине ызаттоо, тааныш же бейтаныш адамдардын ортосундагы болгон мамиленин башаты. Саламдашуу - алмустактан бери элдин ырыс-ынтымагын сактаган, бекемдеген.
Кыргыз элинде байыртан учурашканга карап алик алат. Адам кандай учурашса, ал тууралуу ошондой ой, эки адамдын ортосунда ошондой маанай жаралат. Эгерде адам учурашпай же алик албай калса, "саламга келбей калыптыр, алик алганга жарабайт"деген сөздөр айтылып, сынга кабылган.
"Амандашпай, сөз баштаба" дейт кыргыздар. Адамдын ал-абалын сураган адамга элибиз эч качан текебер, терс мамиле жасабайт, "жаман" деп жооп бербейт. Даанышман ата-бабаларыбыздын бул жообу өз түйшүгүн, өз көйгөйүн башкага оодаргысы, башка адамдын көңүлүн ооруткусу келбеген адептик асыл эрежеси экенин байкоого болот.
Салт таануучулардын жана этнографтардын айтымында кыргыздар амандашканда арыбаңыз деп кайрылышып, анан ага бар болуңуз деп жооп кайтарган.
"Арыбаңыз" деген сөздүн мааниси өтө кеңири жана терең. Ал ооз учунан эле адамдын көңүлүн жубатып, жөн эле айтылган солгун сөз эмес. Ал адамдын ал-абалынан кабар алуу максатында ага суроо иретинде берилген да сөз эмес. Ал адамга кадимки күү-деми, күч-кайратынан тайбай, кайгы-капага жеңдирбей, куунак көңүлдө, узак өмүрдө жашашын каалап, чын дилден айтылган угумдуу, жугумдуу тилек сөз.
"Бар болуңуз" деген жоопто адамдын ал-абалы кандай болбосун, ал үчүн башкысы - бар болуудан, башкача айтканда, тирүүлүктөн өткөн асылдык жок экендигин таасын туюнткан сөз.
Кыргыздар ал-жайды сурашкандан кийин эле"мал-жан эсенби", "айыл-апа тынчпы" деген суроо узатат. Кыргызда "Мал боор эт менен тең" деген сөз бекеринен айтылган эмес. Себеби бул адамдын жандуу жаратылыш менен тыгыз алака-катышын терең аңдап-таануудан улам чыгарылган тыянак. Мында адам табият менен бирге болсо гана анын турмушу жайлуу болот, атүгүл, этин жеген жаныбардын касиети ага өтүп, аны кубат берип турат деген элдик ишенимдин изи даана сезилип турат.
Эркектер арасындагы учурашуу маданияты
Кыргыз элине сиңип калган саламдашуунун бир түрү кош колдоп учурашуу. Бул жоокерчилик заманда адамдардын ортосундагы астейдил мамилени, алардын колунда, койнунда каткан курал-жарагы жок экендигин билгизген ишаарат болгон. Кол алышуу амандашуудан башка да бир бүтүмгө келүүнү, макулдашууну да туюнткан. Ошондой эле улуулата салам берүү, колду бекем кысып учурашуу, ачык маанай, жайдары, шайдоот амандашуу, атчан жөөгө, кичүү улууга, эркек аялга озунуп салам айтуусу керек экендиги элибизде айтылып калган.
Аялдар арасындагы учурашуу маданияты
Кыргызда аялдар илгертен эле азыркыдай кол берип, бетинен өөп учурашкан мындай турсун үнүн өктөм чыгарып, көзүнө тике карап салам айткан эмес. Секелек, турмушка чыга элек кыздар өздөрүнөн улуу кишилерге"амансызбы, арыбаңыз?" деп гана аста салам айткан. Ал эми келиндер болсо жүгүнүп гана салам беришкен. Ал эми жашы ортолоп же жашы өтүп калган байбиче, келиндер акырын башын ийкеп учурашып андан соң гана ал-абалын, айыл-апаны, мал-жанын сурашкан. Аял киши эч качан эркек кишинин көзүнө тик карап учурашкан эмес.
Азыркы учурда коомдо учурашуу, алик алуу маданияты сакталбай жаткандыгын байкоого болот. Кыргыздын саламдашуу сөздөрүнүн ордуна батыштын түпкү мааниси, эч кандай баалуулугу жок түшүнүксүз сөздөрү келди. Каныбызга сиңип өзүнө терең маанини камтыган сөздөрдү күнүмдүк турмушта кеңири колдонбой жаткандыгыбыз өкүндүрбөй койбойт.