Бүбайша Арстанбекова: "Нуркан Турсунбаев чөнтөгүнөн бычак алып чыгып мени коркутканда коргонуу үчүн сумкам менен чапкылагам"

“Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин үстүнөн көзөмөлдөгөн байкоочу кеңештин төрайымы Бүбайша Арстанбекова жолдошум Нуркан Турсунбаевге кол салды”, - деп 16-апрель күнү Кыргыз мамлекетинин Эмгек сиңирген артисти Нуркан Турсунбаевдин жубайы Жыпаркүл Турсунбаева маалымат жыйын берген эле. 17-апрелде Бүбайша Арстанбекова SUPER.KG порталына окуянын кандай болгонун айтып берди.

"Жыпаркүл Турсунбаеванын маалымат жыйынында мени каралап айткан бардык сөздөрү калп. Мага эч кандай “Алдамчылык”, “Документтерди жасоо” беренеси менен кылмыш иши козголгон эмес. Биринчиден, мен Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин үстүнөн көзөмөлдөгөн байкоочу коомдук кеңештин төрайымы эмес, мүчөсүмүн. Экинчиден, Нуркан Турсунбаевди сабоого менин алым жетпейт.

2018-жылдын 11-апрель күнү Кыргыз улуттук драма театрынын коридорунда директорду күтүп турсам Нуркан Турсунбаев жүрүптүр. Ага чейин анын жубайы Жыпаркүл мен тууралуу 1 жашында чарчап калган уулумду, көзү өтүп кеткен ата-энемди кошуп: "Атасыз кыз төрөп алган, мектепти толук бүткөн эмес, моралдык жактан бузулган, диплому жок, селсаяк болуп көчөдө жүргөндө мен үйүмдө багып карагам” деген түрдүү ушактарды таратып жүрүптүр. Мен Нуркан байкени көрүп “мен силерге эмне кылдым? Эмне мынча каралап жатасыңар? Качан силердин үйүңөрдө жашадым эле?” десем ал “сага жакында көргүлүктү көрсөтөбүз” деп кирип кетти.

Нуркан байке кайра чыгып келе жатканда жанымда Турсунай деген аял бар эле. Ал “Нуркан мырза сиздин чыгармачылыгыңызды сыйлайм, бирок эмнеге Бүбайша тууралуу калп маалыматтарды таратып жүрөсүңөр?” деди. Нуркан байке “калп эмес, Бүбайша биздикинде жашаган, бирөөлөрдү алдап, алар сабап өлтүрүп коёюн дегенде аман алып калганбыз” дегенде ачуум келип “Жаныңды жебе! Ким алдамчы?!” деп атырылсам мени бутка тепти. Чөнтөгүнөн бычак алып чыкты, мен коркуп кетип колумдагы сумкам менен койгулап жибердим, бычагы колунан түшүп кетсин дегем.

Мен андан коргондум. Мени уят сөздөр менен сөгүп, зордуктатып кетем деди. Бизди ошол жакта жүргөн студент балдар ажыратып калышты. Болбосо мени өлтүрүп коюшу мүмкүн эле. Нуркандын бетине колум да тийген эмес, өзү эле атайын көтөрүп жүргөн бычагы менен тилип алган окшойт. Окуядан кийин эс-учумду жоготуп, кан басымым көтөрүлүп отурсам аялы Жыпаркүл келип “өлбөйт бул, өлүп калса жакшы болмок, артист болуп жатат!” - деп кетти.

Булар бирөөнү айыпка жыгып акча табууну бизнеске айландырып алышкан окшойт. Мен булардын канчанчы курмандыгы экенимди билбейм", - деди Арстанбекова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Azat.97
2018-04-17 14:33:48
Киминерге ишеништи билбейм
+9
tynara81
2018-04-17 14:40:20
Чын эле кимисине ишеништи билбейсиң, тобо.
+5
Jarma
2018-04-17 14:47:53
Мен Нуркан Турсунбаевге ишенем
+8
modem4999
2018-04-17 14:58:16
Сакалдуу эле кишилер ушинтесинерби?
+5
nargiz94
2018-04-17 14:58:51
Элге улгу болчу, маданият кызматкерлери. "Зордуктатып кетем", "бычак которуп чыкты"-дегенин вообще ишенген жокмун. Короче эки жакта да куноо бар окшойт го.
+5
Nevestkaa
2018-04-17 15:04:37
Бул аялдын көзү саааал башкача го,ишеничтин учкуну учпай жатат.Кудай кечирсин эгер билбей айтсам.
+13
anonymous
2018-04-17 15:05:37
Зордуктатып койом деген дагы жугуптур да депутаттан
+5
Mazi1280
2018-04-17 16:10:47
Ушундай чырынарды оз ара чечишип алсанар болмок озунор эмгек синирген артисттер элге жарыялабай уят
+4
taalay25
2018-04-17 16:46:07
Дагы Жыпар менен Буайшабы?
+1
007aym
2018-04-17 16:56:54
дагыле акыясы бутолек экенго экоосунун. Чын эй . Кимисине ишенээринди билбейсин. Тобоо
+2
marat_1910
2018-04-17 22:35:58
бирин олуп бирин кал
0
barakcha
2018-04-18 08:15:14
Бул аялга ишенген жокмун.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан