Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Нуркан Турсунбаевге кол салуу болгонун аялы айтып чыкты

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, обончу, композитор, актёр, кыргыз искусствосуна 65 жылдык өмүрүн арнаган Нуркан Турсунбаевге кол салуу болду. Бул тууралуу артисттин жубайы Жыпаркүл Турсунбаева 16-апрелде маалымат жыйынында билдирди.

Маалыматка ылайык, Нуркан Турсунбаевге 11-апрель күнү саат 16:30дар чамасында Кыргыз улуттук драма театрынын жанында кол салуу болуп, ага "Тез жардам" кызматы чакырылган. Баш мээси чайкалган актёр учурда ооруканада дарыланып жатканын жубайы айтты.

"Жолдошум Нуркан Турсунбаев Кыргыз улуттук драма театрында 52 жылдан бери иштеп келет.11-апрель күнү "Күйөө бала" комедиясында башкы ролдордун бирин аткармак. Репетициядан чыгып унаасынан спектаклге керектүү костюмдарын алып келгени сыртка чыкканда 3 аял аны тосуп алып, анын бири жолдошумду оозго келгис сөздөр менен сөгүп, баштыгы менен башка-көзгө койгулап, бетин тытып, кийимдерин жулмалап, моюнунан муунткан. Жолдошума кол салган аял - Кыргыз мамлекетинин маданият, маалымат жана туризм министрлигинин үстүнөн көзөмөлдөгөн байкоочу кеңештин төрайымы Б.А. Ал атайын даярданып жанына 2 аялды ээрчитип келип, иш учурунда драма театрдын эшигинин алдынан жолдошумду сабап кетти. Кээ бирлер "кантип эле эркек киши аял кишиден таяк жесин" деп сурап жатышат. Жолдошум абдан жан дүйнөсү назик, искусствого жакын адам. Ал эч качан жаман сөз айткан кишиге балит сөздөр менен жооп бербейт. Ал аялдын максаты башка болгон, ал Нурканга кол көтөрсөм, ал да мени чаап жиберсе сотко берем деген ой менен барган. Жолдошум аял кишиге өмүрүндө кол көтөрүп көргөн жан эмес. Аны башка-көзгө койгулап жатканда да, колу менен бетин тосуп гана турган.

Анын Нурканга кол көтөргөнүнүн себеби мен Маданият министрлигиндеги коррупциялык иштердин бетин ачкандыгымда болду. Жолдошумдун искусстводогу көп жылдык эмгеги бааланбай, баркталбай жатканда ага Кыргыз мамлекетинин Эл артисти деген наамын алып берели деп бир топ чуркап жүрдүм. Жыйынтык болгон жок. Бирок Маданият министрилигиндеги коррупциялык иштерди коомчулукка ачыктагым келди. Тагыраагы жогорудагы министрликтин үстүнөн көзөмөлдөгөн байкоочу кеңештин төрайымы кандай жол менен эки президенттен Ардак грамота алып жана кантип маданиятка эмгек сиңирген ишмер деген наамдуу болгонун фактылар менен далилдеп бергем. Менин арызымдын негизинде Б.А.га карата "алдамчылык" жана "документтерди жасоо" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ал мага болгон жинин жолдошумдан чыгарып жатат".

Биз маданиятты көзөмөлдөгөн адамдарды көчөдөн алып келип жатабызбы? Бул эмне деген шумдук?" - деди Турсунбаева.

Мындан сырткары, ал Б.А. Нуркан Турсунбаевге кол көтөргөнү үчүн "бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун кошумчалады.

Эске салсак, Нуркан Турсунбаев улуу актриса Таттыбүбү Турсунбаеванын бир тууган агасы, комузчу, манасчы, кино жана театр актёру.

SUPER.KG порталы экинчи тараптын пикирин угууга даяр. Азырынча байланышуу аракеттерибизден натыйжа чыга элек.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
voennyi88
2018-04-16 18:06:18
Ай кокуй ай. Маданият кызматкерлери бизге улгу болчу силерсинерго. Озун сыйлабаса да Кыргыз киносуна эмгеги синген Таттыгул апабызды сыйлабайбы.
+9
Aytur
2018-04-16 22:54:42
voennyi88, Озун Таттыгул! Таттыбубу Турсунбаева
+7
Zainidin96
2018-04-16 18:44:12
Чын эле коро албагандар коп да
+8
Zainidin96
2018-04-16 18:50:32
Урматтуу админ жана тест чыгардынар элего каяка кетти ал таппай жатам
+1
admin_portal
2018-04-17 08:23:42
Zainidin96, Саламатсызбы? Соңку кабар бөлүмүнө чыккан бардык тесттерди Тест куржун рубрикасынан таба аласыз.
https://www.super.kg/kabar/category/53/
0
BarsBaatyr
2018-04-17 09:44:52
Нуркан агайдын талантына бир-эки жолу орусча айтканда живой кубо болгом.Аябай таланттуу,унун октом чыгарбаган,жан-дуйносу назик инсан.Агайга ден-соолук тилейбиз.Ал эми жанагы урган айымга ыйман тилейбиз.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан