Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча кызматынын төрагасынын орун басарлыгына УКМКнын мурдагы кызматкери Исабек Султаналиев дайындалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Исабек Султаналиев мекеменин кызматкерлери менен бүгүн, 18-апрелде тааныштырылды.
Ал мурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын биринчи бөлүмү болгон тергөө башкармалыгын жетектеген.
Эске салсак, 7-апрелде президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен УКМКнын орун басарлыгынан бошотулган Болот Сүйүмбаев 16-апрелде премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча кызматынын төрагасы болуп дайындалган.