Талас. Талас шаарында жаңы бала бакча курулат

Талас шаарындагы “Таласалконун” имаратын КРнын Өкмөтү 3 миллион сомго сатып алып, балдар бакчасын  ача тургандыгы белгилүү болду. Бул тууралуу премьер-министр Ж.Сатыбалдиев облусту иш сапары менен кыдыруу учурунда айткан. Имаратты 70 сотых жер тилкеси менен сатып алууга өкмөттөн каражат бөлүнгөн. Ал эми аны бала бакчага айлантуу үчүн жасап-түзөө иштери жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүзөгө ашырылмакчы. Бала бакча ачылгандан кийин Талас шаарынын карамагына өтөт. Эки кабаттуу имараттын кеңдиги 400 чарчы метрди түзөт. Эске салсак, аталган имарат 1989-жылы кондитер ишканасы катары курулган. Бирок ал өз багытында иштетилбегендиктен, 2006-жылы “Таласалкого” берилген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан