ЖЫЛНААМА, 26-АПРЕЛЬ: "Бир кадам алдыга" тасмасы аркылуу атактуу болгон актёр Ченнинг Татум 38 жашка чыкты

Бүгүн америкалык актёр, продюсер, бийчи жана модель Ченнинг Татум 38 жашка толду.

Ченнинг Татум АКШнын Алабама штатынын Каллмэн шаарында 1980-жылы 26-апрелде төрөлгөн. Балалыгы Каллмэн шаарында өтүп, 6 жашында үй-бүлөсү менен Миссисипиге көчүп барышкан. Окуудан тышкары америка футболу, жеңил атлетика, бейсбол менен алектенип, кунг-фу менен да машыккан. 1998-жылы спорттогу жетишкендиги үчүн Батыш Виржиниянын колледжинде стипендияга ээ болгон. Бирок ал жакта көпкө кармалбай, окуусун таштап үйүнө кайтып келе берген.

Болочок актёр 15 жашынан тартып түнкү клубдардын дайымкы кардарына айланган. Башында тартынып четте гана элди карап турса, кийинчерээк бий аянтынын "падышасына" айланып чыга келген. Келечеги тууралуу ойлоону да каалабаган Ченнинг Татум куруучу, дүкөндө сатуучу, ветеринардык клиникада жардамчы, анан да стриптиз бийчи болуп иштеген. Бара-бара кийинки жашоосун ойлонуп, бул кесибин таштаган.

Ал эми анын чыгармачылыктагы тушоосу Рики Мартиндин "She Bangs" клибинен кесилген. Андан соң бат эле моделдик агенттиктерге чакырылып, "Dolce & Gabbana", "Emporio Armani" өңдүү бир катар беделдүү бренддер менен иштешип, жарнамаларга тартылган.

Модель катары таанылгандан кийин тасмаларда роль жаратууга чакырыла баштаган. Биринчи жолу "C.S.I.: Кылмыш орду – Майами" ("C.S.I.: Место преступления Майами") сериалында эпизоддук ролду ойногон. Андан кийин "Бир кадам алдыга" ("Шаг вперёд") тасмасындагы башкы ролу ага чоң атак алып келген. Андан соң "Бир кадам алдыга-2: Көчөлөр" ("Шаг вперёд 2: Улицы"), "Мачо менен ботан" ("Мачо и ботан"), "Супер Майк" тасмаларына тартылып, бат эле жылдызы жанып чыга келген.

Ченнинг Татум 2006-жылы достору менен биргеликте "33andOut Productions" деген кино тартуучу компанияны негиздеп, документалдуу "Айнек жер" ("Стеклянная Земля") аттуу тасманы тартышкан.

2006-жылы Голливуддун жылдызы актриса, бийчи Женна Дуан менен тасма талаасынан таанышып, 3 жылдан кийин баш кошушкан. 2013-жылы Эверли аттуу кыздуу болушкан. Түгөйлөр ушул жылдын апрель айында ажырашкан.

Атактуу актёр 2001-жылы "Tear Sheet" журналынын версиясы боюнча "Эң келишимдүү 50 адамдын" катарына кирген.

26-апрелге жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан