Америкалык актёр Ченнинг Татум жубайы менен ажырашты

Америкалык актёр, продюсер жана модель Ченнинг Татум жубайы, актриса Женна Дуан менен ажырашты. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Ажырашуу тууралуу жан шериктер социалдык тармактагы өздөрүнүн жеке баракчасына жазып чыгышкан. Анда: "Биз ажырашалы деген бүтүмгө келдик. Биз бири-бирибизди бир нече жыл бою сүйүп жүрдүк. Ортобузда эч кандай уруш-талаш болгон жок. Болгону бизге эки башка тагдыр буюруптур. Эки башка жолго түшсөк дагы кызыбыз үчүн бир үй-бүлөбүз", - деп билдирүү калтырышкан.

Голливуддун көз күйдүргөн түгөйлөрү 2006-жылы тасма талаасынан таанышып, 3 жылдан кийин баш кошушкан. 2013-жылы Эверли аттуу кыздуу болушкан.

Белгилей кетсек, Ченнинг Татум 1980-жылы 26-апрелде АКШнын Алабама штатындагы Каллмен шаарында төрөлгөн. Алгач модель, андан кийин актёр катары тааныла баштаган. Карьерасындагы ийгиликтин туу чокусуна "Бир кадам алдыга" ("Шаг вперёд") тасмасындагы ролу жеткирген.

Ал эми актёрдун түгөйү америкалык актриса, бийчи Женна Дуан 1980-жылы 3-декабрда АКШнын Коннектикут штатындагы Хартфорд шаарында төрөлгөн. 2002-жылы тасмаларда эпизоддук ролдорду жараткан. Актриса 2006-жылы "Бир кадам алдыга" тасмасындагы ролу аркылуу атактуулукка жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Sogushov
2018-04-03 15:51:35
Алдыга кадам бы Же? Бир кадам алдыгабы))
0
nur85
2018-04-03 15:58:55
Алдыга кадам деп которулса туурараак болсо керек го
0
Kirajsjk
2018-04-03 16:25:46
Iraa boluptur.Oyunchuktai ele bolushtugo
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан