"Ош базарында" соода менен алектенгендер түнү менен товарларын кайтарууга аргасыз болууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына соодагерлердин бири билдирди.
Анын айтымында, соода менен алектенгендер базарда дагы өрт чыгат деп кооптонуп, түнү менен өз орундарын көзөмөлдөөгө аргасыз болушууда.
"Соодагерлер күн сайын эртең мененки саат 9га чейин базардын айланасында болуп, товарларын кайтарып жатышат. Ал эми базардын күзөт кызматы жоопкерчилик алуудан баш тартууда", - дейт ал.
Айта кетсек, 13-апрелде "Ош базарындагы" "Берекет" соода түйүнүнөн түнкү саат 3:00дөр чамасында өрт чыккан. Өрттү өчүрүү үчүн 14 техника жана 96 өрт өчүрүүчү кызматкерлер тартылган. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, базардын 5 миң 400 чарчы метр жери күйүп кеткен. Өрт катталганын уккан айрым соодагерлер эртерээк келип, контейнердеги товарларын сыртка чыгарууга аракет кылышкан. Айрым сатуучулардын товарлары дээрлик күйүп кетип, күлгө айланган.
Буга чейин да "Ош базарынан" 2 ирет өрт чыгып, соодагерлер материалдык чыгым тартышкан. ӨКМ биринчи жолку кырсык өрт коопсуздугу сакталбаган электр зымдарынан чыкканын, 2-жолкусунда атайын кимдир бирөө тарабынан өрттөлгөнүн билдирген. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, бул ирет да базар атайын өрттөлүшү мүмкүн экенин аталган мекемеден билдиришти.