Бүгүн, 13-апрелде "Ош базарында" 3-жолу катталган өрттүн кесепетинен бир канча соодагерлер миллиондогон чыгашаларга учурады. Жабырлануучулардын бири Аман Бакиров өрт башталганда 3 эле контейнер күйүп жатканын айтып, буларга токтолду.
"Өрт чыкканын угуп келгенибизде базардын тиги башынан 3 эле контейнер күйүп жаткан болчу. Товарларыбыз толук күйүп кетпесин, чыгарып калууга үлгүрөлү десек милициялар курчоого алып, киргизбей коюшту. Өрт өчүрүүчү техникалардын суусу түгөнүп, бири келип, бири кетип жатты. Биз карап тура албай "кошумча суу түтүктөрдү алып чыгалы, мүмкүн болушунча эрте өчүрүүгө аракет кылалы" дегенибизде "өрт өчүрүүчү кызматкерлер өчүрөт, иштеп жатышат" деп жолотпой койду. Эгерде бизди киргизип, кулпуларды ачтырганда товарлар толук өрттөнмөк эмес. Жалын мынчалык күч алмак эмес. Болжолдуу 2 миллион сомдун товары күйүп кетти", - дейт ал.
Зыян тарткан сатуучулар "базардын администрациясы өрттү өчүрүүгө эртерээк аракет кылган эмес. Ал тургай кабарчы келип өрт тууралуу айтканда "сенин ишиң эмес" деп кууп чыккан" деген нараазычылыктарын айтышты.