Бүгүн Дмитрий Медведев башында турган Орусия өкмөтү кызматтан кетет

Бүгүн, 7-майда Орусиянын Дмитрий Медведев баштаган өкмөтү отставкага кетет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Мамлекеттик Думадагы өздүк булактарына таянып жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Мамлекеттик Дума 7-майда Владимир Путиндин инаугурациясынан кийин министрлер кабинетинин төрагалыгына президенттен сунуш келет деп күтүп жатат.

8-май күнү Мамлекеттик Думанын жыйынында жаңы келе турган өкмөт башчы тууралуу маселе талкууланышы мүмкүн деп айтылат.

Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин президент Владимир Путин премьер-министрликке жаңы талапкер сунуштаса 8-майда карала турганын ырастаган.

Эске салсак, 2012-жылы Владимир Путиндин инаугурациясынан кийин эки саатка жетпей премьер-министрликке талапкер Дмитрий Медведев экени анык болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан