Адил Турдукулов өлкө жетекчилеринин учак менен учууларына жылына 1 миллион доллар сарпталарын айтты

Коомдук активист Адил Турдукулов SUPER.KG порталынын "Президент менен премьер-министрдин катардагы авиарейс менен учушу кадыресе көрүнүшкө айланышы керекпи?" деген соболуна жооп берди.

"Акыркы учурдагы өлкө жетекчилери элге жагайын деген ой менен эконом-класста учуп жаткан болушу мүмкүн. Ошондой болсо да, бул жакшы иш. Бул башка чиновниктерге үлгү. Президент же премьер жогорку деңгээлдеги жолугушууга жеке учакта учса болот. Бирок конференция сыяктуу катардагы иш-чараларга эл менен бирге учканы дурус. Азыркылардын атайын учактан баш тартканы кийинки өлкө жетекчилерине жакшы мисал болот эле. Коопсуздук кызматы эл менен учкан учурда коопсуздук маселесин чечип берсе болот.

Мисалы, Швециянын мурдагы премьер-министри эл менен учуп баратып өлтүрүлгөн. Бирок кайра эле премьерлер жөнөкөй учакта учуп жүрөт. Бул өлкөдөгү демократиядан, өлкө башчылардын жөнөкөйлүгүнөн кабар берет. Биз Орусия, Казакстандан үлгү албашыбыз керек. Бул кадамыбыз менен башка өлкөлөргө үлгү болуп жатабыз. Менин эсебиме караганда, жылына жогорку кызмат адамдарынын жеке учакта каттоосу үчүн 1 миллион доллар коротулат экен", - деди Турдукулов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Кожобек Рыспаев, Искендер Матраимов, журналист Султанбек Каназаров жана саясат таануучу Сейтек Качкынбаевдин пикирин төмөнкү шилтемеден окуңуз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан