Матраимов: "Өлкө жетекчилеринин эл менен бирге учуу жөрөлгөсүнүн уланышын каалайм"

Парламент депутаты Искендер Матраимов SUPER.KG порталынын "Президент менен премьер-министрдин катардагы авиарейс менен учушу кадыресе көрүнүшкө айланышы керекпи?" деген соболуна жооп берди.

Матраимов өлкө башчылар эл менен учса экономикага пайда болорун айтты. "Алардын өмүрүнө коркунуч жаратуучу окуядан Кудай сактасын. Азыр өлкө башчылардын эл менен кошо учуп жатканын коомчулук жакшы эле кабыл алып, кубаттап жатат. Албетте, бул жөрөлгөнүн уланышын каалайм. Ал эми чет өлкөгө барчу сапарлар атайын түзүлгөн протоколдун негизинде кете берет. Эл менен учуп жүрсө, экономикага да пайда", - деди Матраимов.

Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев, журналист Султанбек Каназаров, саясат таануучу Сейтек Качкынбаев жана активист Адил Турдукуловдун пикирин төмөнкү шилтемеден окуңуз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан