Ош облусундагы Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылындагы мектептин абалы начар. Бул тууралуу окурман "Элдик кабар" рубрикасына билдирип, видеосун жөнөттү.
Окурмандын маалыматына ылайык, айылдагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектептин эскилигине карабай, оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп турат.
"Чынында сырткы көрүнүшүн оңдоп-түзөп турганы менен эски имарат эскилигин көрсөтөт экен. Жаан жааган сайын класстарга чатырдан тамчы гана тамбастан, кадимкидей суу агат. Мындай көйгөйдү убактылуу чечүү маселелери өз алдынча жүргүзүлүп келгени менен майнап чыкпай келет. Мугалимдер ал сууга чака коюп алып отурушат. Ушундай абалга карабастан билим берүү улантылып келет. Бирок мектептин мындай абалга жетиши балдардын билим алуусуна терс таасирин тийгизет", - деген окурман өзүнүн билдирүүсүндө.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.