"Талас районуна караштуу Таш-Арык айылында катуу шамал болуп, нөшөрлөгөн жаан жаады. Куюн аралаш шамалдан улам бир нече үйгө зыян келди", - деп окурман бүгүн, 23-майда "Элдик кабарга" жазды.
Билдирүүгө ылайык, турак үйлөрдөн тышкары шамал айылдагы ФАПтын да чатырын учуруп кеткен. Айылга райондун акиминин орун басары, ӨКМнын өкүлдөрү жана Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясынын кызматкерлери келип, абал менен таанышууда. Катуу шамал саат 16:15 чамасында башталган.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.