Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Кең-Суу айылында калыңдыгы 20-25 сантиметрге жаткан кар жаады. Мындай маалыматты окурман "Элдик кабар" рубрикасына билдирген.
Ал: "23-майдан 24-майга караган түнү Кең-Суу айылында кар таңкы саат 7ге чейин жаады. Кардын калыңдыгы 20-25 сантиметрге жетти. Азыр күн ачылганы менен шамал болуп жатат. Кардын жаашы короодогу малдарга кыйын болду", - деп кабарлаган.
Ошондой эле окурман өзүнүн билдирүүсүндө Түп районуна да кар түшүп, ал жакта кардын калыңдыгы 10-15 сантиметрге жеткенин кошумчалаган.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.