SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Сенин сүйгөн адамың суранычыңды аткарбаса..." деген тема талкууга алынган.
Автор: "Ошол бойдон кала берүү керекпи же кандай? Мен сүйгөнүмдөн суранам, мага андай жакпайт деп, бирок укпайт. Бир кулагынан кирип, экинчисинен чыгып кетет окшойт... Эмне кылууну билбейм, мындай учурда силер кандай кыласыңар?" деген суроосун калтырган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
- "Бирин аткартсам, бири калат. Көнүш керек..."
- "Мен сурансам, эгер жакпай кетсе урушуп коёт. Бирок боору ооруп аяп кетеби билбейм, бир топ убакыттан кийин кайра макул экендигин билдирет".
- "Аткарбай коюусуна эмне себеп экенин сурап көрүңүз же сиздин койгон талаптарыңыз ал үчүн анча маанилүү эмес чыгар".
- "Аткарбаса "бар жогол" деш керек, ошондо жалдырап кечирим сурайт. Эгер кечирим сурабаса же сурап кайра эле ошол адатын кыла берсе, таштап кетесиң, анан ал өкүнүп кала берет".
- "Суранычыңды аткарбаса, кайра-кайра айтып таңуулай берген болбойт. Эгер таптакыр эле суранган нерсеңди ишке ашырбай баратса, демек, сен ал үчүн мааниге ээ болбой калганыңды түшүндүрөт".
- "Мен деле капа болбойм, балким, кийинкисинде аткарып калар деген үмүттө жүрө берем".
- "Сурансаң аткарбаса, анда буйрук бериш керек. Эгер буйрукка баш ийбесе, жазалаш керек".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.