Сапар Исаков менен Райымбек Матраимовдун иши боюнча соттун чечими 6-июнда угузулат

Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков менен Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун соттук ишиндеги териштирүү иши аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда соттук отурумдун уланышында белгилүү болду.

Сапар Исаков менен Райымбек Матраимовдун иши боюнча соттун чечими 6-июнь күнү саат 10:30да тааныштырыла тургандыгы маалымдалды.

Буга чейин сот отуруму 10 жана 16-майда болуп, анда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басарынын жактоочусу соттон Матраимовду кайра өз кызмат ордуна дайындалышын өтүнгөн.

Эске салсак, Исаков Матраимовду 2017-жылдын 23-ноябрында "иши саясий жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет" деген жүйө менен Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгынан алган. 26-апрелде Матраимов "мени негизсиз жумуштан алды" деп Исаковду сотко берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
ilgizk
2018-05-28 17:28:32
Ойлонуп анан угузушабы же Сапар качабы ага чейин...
+2
Ermekbai
2018-05-28 17:50:42
Чет өлкөгө билет алып алсын деп күтүп жаткан чагы
+2
Aikyt
2018-05-28 23:55:08
Бет деле жок экен кызматтан тушоору менен сотко берип майлуу суттуу жеринен тушуп калдым деп жатат да эркекчиликке жатбайт мунусу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан