10-майда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда мурдагы премьер-министр Сапар Исаков менен Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун иши боюнча соттук отурум өттү.
Анын жүрүшүндө жактоочу Татьяна Карыжинская "ооруп жатканына байланыштуу ишке чыкпай жаткан Матраимовду кызматтан алууга өкмөт башчынын укугу жок болчу" деп айтты. Андан соң ал Матраимовдун мыйзамсыз жумуштан кетирилгени боюнча жүйөлөрдү келтирди. Анын айтымында, премьер-министр Матраимовду кызматтан алуу буйругун анын саясий органдар менен жүргүзгөн иши саясатка ылайык келбейт деп негиздеген. "Мен жактап жаткан адам саясий кызмат менен алектенбейт. Ал мамлекеттик административдик кызматты ээлеген жана саясий чечимдерди кабыл алган эмес. Анан кантип анын саясий органдар менен жүргүзгөн иши саясатка ылайык келбейт? Биз Матраимов негизсиз бошотулган деп эсептейбиз", - деди Карыжинская.
Ал эми экинчи тараптан Сапар Исаковдун жактоочусу эмес, өкмөт өкүлү катышууда. Соттук отурумда өкмөт өкүлү менен Бажы кызматынын өкүлү карама-каршы көрсөтмө беришти. Бажы кызматынын өкүлү Матраимовду кызматтан бошотуу боюнча мекемеден сунуштама берилбегенин айтса, өкмөт өкүлү каршы пикирин билдирди. Анын айтымында, премьер-министрдин дарегине сунуштама берилген.
Жактоочу Карыжинская өз сөзүн айтып бүткөн соң соттон Матраимовду кайра өз кызмат ордуна дайындалышын өтүндү. Бирок өкмөт өкүлү материалдар менен таанышып чыгуу үчүн убакыт берүүнү сурангандыктан ишти карап жаткан сот Алмаз Калыбаев отурумду 17-майга жылдырды.
Эске салсак, Исаков Матраимовду 2017-жылдын 23-ноябрында "иши саясий жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет" деген жүйө менен Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгынан алган. 26-апрелде Матраимов "мени негизсиз жумуштан алды" деп Исаковду сотко берген.