Жалал-Абад. "Кыргыз Петролеум Компани" жабык акционердик коомун "Кыргызнефтегаз" сатып алды
Жалал-Абаддагы “Кыргыз Петролеум Компани” (КПК) жабык акционердик коомун “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коому сатып алды. Учурда мүлктөрдү өткөрүп алуу жана инвентаризация жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, облустук прокуратура, салык инспекциясынын, “Кыргызнефтегаз” ААКсы менен КПКнын адистеринен турган толук курамдагы комиссия иш алып барууда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, 19-ноябрдан тартып материалдык баалуулуктар, күйүүчү май жана чийки заттар көрүлүп бүттү. Учурда негизги каражаттар каралууда. Комиссиянын иши тууралуу толук маалымат комиссия толук жыйынтык чыгаргандан кийин берилет.