ЭЛДИК КАБАР: Окурман: "Бишкектеги аялдама жеңил унаалар токтоочу жайга айланды"

"Учурда Бишкек шаарындагы Чүй кең көчөсүнүн Бейшеналиева көчөсүнөн Кулиев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө оңдоо иштери жүрүп жатат. Буга байланыштуу автобус, кичи автобустар Бейшеналиева көчөсү аркылуу каттоодо. Бирок жүргүнчүлөр коомдук унааларды ар кайсы жерден тосконго аргасыз. Себеби жол четиндеги аялдамалардын баарына жеңил унаалар токтоп турат. Мындай көрүнүш автобус, кичи автобустардын айдоочулары үчүн да, жүргүнчүлөр үчүн да ыңгайсыз. Мындан тышкары коопсуздукду жаратууда. Чынында шаарда атайын унааларды токтотуучу жерлердин каралбагандыгы бардык тургундарды жүдөтүп бүттү. Тиешелүү кызматтар көңүл бурса жакшы болмок", - деп окурман "Элдик кабарга" билдирди.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Azatbek.Svoboda.
2018-05-31 20:19:01
Азыр баары бош эмес Кытайга жер бериш менен алек! Ушундай кылып занят кылып турганда жакшы.Болбосом бул жердида Кытайга сатып жиберишет анан шаардык кеңеш эл түшүнгөн жок деп кайдагы жомокту айтышып башты оорутушат! Парковка кылып ак поласа чызып койулганго!
+1
ikitaidesu
2018-05-31 22:06:36
Ошто мындай аялдама толтура. Калинин көчөсүнө киргенде ар бир үйдүн жаны аялдама. 116-119 - маршруткалар баарын терип кетет. Аябай акырын жүрүшөт...
+1
futboler
2018-06-01 01:30:55
Номерин неге жашырасыңар, ГАИлер көрүп жазасын берсин
0
Elnura08
2018-06-01 14:24:31
Безпредел!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан