ЭЛДИК КАБАР: "Ош шаарында бөбөктөр жөрмөлөө боюнча жарышты" дейт окурман

Бүгүн, 1-Июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө Ош шаарында бөбөктөр жөрмөлөө боюнча жарышты. Бул тууралуу окурман "Элдик кабарга" маалымдады.

Маалыматка ылайык, мындай мелдеш балдарга арналып Исхак Раззаков атындагы паркта уюштурулган ири иш-чаранын алкагында өткөн.

"Ош шаардык Жаштар комитети уюштурган салтанат кызыктуу өтүп, балдар көңүл ачып кетишти. "Менин биринчи ийгилигим" деп аталган жарышта 100гө жакын бөбөк жөрмөлөө боюнча күч сынашты. Аябай кызыктуу болду, кээ бири ыйлап жатып алса, кээ бири мөөрөйгө жеткенде артка жөрмөлөп кетип, ата-энелеринин айласын кетирди. 11 айлык Алихан Сатимбаев биринчи болуп келип, ата-энесине белектер жана грамота берилди. Андан кийин концерттик программа уюштурулду. Кечеге келген 500 балага акысыз балмуздак таратылды.

Ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү, интернатта тарбияланган 100 балага майрам уюштурулду. Анда сүрөт тартуу, пластилинден түрдүү жаныбарларды жасоо сынактары уюштурулуп, тамак-аш, белектер берилди, иш-чаранын аягында кино көрсөтүлдү", - деп билдирген окурман өзүнүн билдирүүсүндө.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
mirbek_kgz.1990
2018-06-01 21:19:17
Сонунго.Мен качан балалуу болот экем
+2
erkinay.s
2018-06-01 22:15:03
mirbek_kgz.1990,


Буйруган куну
0
mirbek_kgz.1990
2018-06-01 22:41:20
erkinay.s, Албетте
0
kalima88
2018-06-01 22:44:00
Иии, ширинтайларым .Аябай эле кызык болсо керек, элестеткиле, жетип кайра аркага кеткенин.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан