Бүгүн, 4-июнда камактагы Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков жана коомдук ишмер Дастан Сарыгуловдун иши Жогорку Сотто каралды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Басма сөз катчынын маалыматына ылайык, соттук отурум жабык эшик артында өтүүдө.
"Бүгүн, 4-июндагы отурумда 2 жактоочу гана көрсөтмө бергенге жетишти, мындан улам соттук иш 7-июнда саат 10:00дө улантыла турган болду", - дейт маалымат катчы.
Эске салсак, аталган саясатчылардын жактоочулары 2-майда Жогорку Сотко көзөмөл арызы менен кайрылышкан. Өткөн жылы 17-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту чыгарган өкүмгө ылайык, Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров "кылмышка даярдануу" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, 12 жылдан эркинен ажыратылышкан. Жаза өтөө мөөнөтү 2016-жылдын 24-мартынан тарта эсептелет.
Эрнест Карыбеков "кылмышты жаап-жашыруу" жана "мамлекеттик чыккынчылык" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, үй-мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга кесилген. Жаза өтөө мөөнөтү 2016-жылдын 26-мартынан тарта эсептелет.
7-февралда райондук соттун чечимин Бишкек шаардык сот күчүндө калтырган.
2016-жылдын март айында "Элдик парламенттин" бир канча мүчөсү кармалып, аларга карата кылмыш иши ачылган. Дастан Сарыгулов, Эрнест Карыбеков, Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров "бийликти басып алууну пландоодо" деген негизде камакка алынган.