Бүгүн, 5-июнь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Мурдагы премьер Сапар Исаков УКМКнын тергөө абагына 2 айга камакка алынды. Биринчи Май райондук соту Исаковдун баш коргоо чарасын ушинтип тандап, ал эми КСДПнын аны үй камагында калтыруу өтүнүчү канааттандырылган жок. Сот чечиминен кийин ал "бул жеткен адилетсиздик, сөз да жок" деди. Исаков бүгүн Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында УКМКга 5-жолу суракка чакырылган эле. Алгач УКМКга Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Кубанычбек Кулматов, андан кийин Исаков келди. Буга чейин "мени камоого эч кандай негиз жок" деп келген Исаков бул жолу "мени камакка алууну же албоону тергөө чечет" деп жообун өзгөртүп калган эле. Кулматов менен Исаковдон кийин УКМКга мурдагы министр, парламент депутаты Осмонбек Артыкбаев келди. Айрым маалыматтарда УКМКда ЖЭБди жаңылоодогу күмөндүү иштер боюнча экс-чиновниктерди көзмө-көз сүйлөштүрүү орун алганы айтылды. Буга чейин Айбек Калиев, Узак Кыдырбаев, Салайдин Авазов өңдүү энергетика тармагын башкарган экс-чиновниктер тергөө абагына киргизилген. Сапар Исаковго жакында "коррупция" беренеси боюнча айып тагылып, өлкөдөн сыртка чыкпоого милдеттендирилген эле. Ал 2013-жылы президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүн жетектеп турганда ЖЭБди жаңылоого Кытайдын ТВЕА компаниясын тандоо боюнча ал кездеги президент Алмазбек Атамбаевге кат жазып, дал ошол кат ТВЕАны тандоого таасир эткен деп күнөөлөнүп жаткан. Коомчулукта Исаковдун жана башкалардын дароо камакка алынбай эркин жүргөнү сындардын толкунун жараткан. Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Кубанычбек Кулматов да ушул жылдын 27-июнуна чейин камакка алынды. Ал эми Осмонбек Артыкбаевге Башкы прокуратура "коррупция" боюнча кылмыш ишин козгоду. Жакында президент Сооронбай Жээнбеков УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркуловду кабыл алып, резонанс жараткан бардык кылмыш иштеринин аягына чыгууну эскерткен. Ошентип бийлик коомчулукта айтылып жаткан сындардын толкунунда Исаковду камакка алып, айрыкча мурдагы бийликтин оппоненттеринин тилегин орундатты. Тагдырдын тамашасы... Саналуу айлар мурун Жээнбековду президенттик тактыга отургузган топ, анын лидерлеринин бири Жээнбековдон кайра ушундай "жакшылык" көрдү...
Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчи орун басары Замирбек Ниязалиев кармалды. Финпол билдиргендей, Ниязалиев Бажы кызматынын жетекчилерине ачылган кылмыш ишинин алкагында кармалып, тергөө бүткөнгө чейин камакка алынды. Буга чейин "Түндүк" темир жол бажысынын мурдагы башчысы Нурбек Айбашев кармалып, ага "кызматтык абалынан кыянатттык менен пайдаланган" деп кылмыш иши ачылган. Ниязалиев убагында "Түндүк" темир жол бажысында, бажыдагы башка жооптуу кызматтарда иштеп, 2017-жылы ал кездеги премьер Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалган. Быйыл февралда Ниязалиев 2016-2017-жылдарга караганда "Ош" бажысында киреше кескин өскөнүн айтып чыккан. Бул маалымат Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары, эл оозунда "Ош" бажысынын көмүскө кожоюну делип жүргөн Райымбек Матраимовдун короосуна таш ыргытуу эле. Жыл башында "Ош" бажысына түшкөн акча 10 эсе көбөйгөнүн Бажы кызматынын ал кездеги төрагасы Кубанычбек Кулматов да айтып чыккан. Жакында депутат Жанар Акаев Кулматов кызматтан кетери менен "Ош" бажысында кайрадан коррупция күчөгөнүн эскертти. Бүгүн маалымат жыйынында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Оӊолбеков орун басары Ниязалиевдин кармалышы боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. Ал эми анын орун басары Шамил Бердалиевдин маалыматына таянсак, 2012-жылдан бүгүнкү күнгө чейин 99 бажычыга кылмыш иши ачылган. Ал эми соӊку 1,5 жылда бажы кызматкерлерине карата 15 кылмыш иши козголгон. Кубанычбек Кулматовго өткөн айда УКМК кылмыш ишин ачып, аны өлкөдөн кетпөөгө милдеттендирди. Бүгүн Ниязалиев мамлекетке 116 миллион сом зыян келтирди деп, тергөө бүткөнгө чейин камакка алынды. Албетте, Бажыдагы гүлдөгөн коррупция ооздукталып, элдин ырыскысын жеп-ичкендер жазага тартылышы керек. Болгону күрөш жердешчилик, куда-сөөк, дос-тааныш дегендерге карабай тегиз жүрсө. Финпол менен УКМКнын сурагы артынан көп сөз ээрчиген айтылуу Райымбек Матраимовго да жетеби? Азырынча президент Жээнбеков бул адам тууралуу эл алдында сөз кыла элек. Ал эми экс-президент Алмазбек Атамбаев Матраимовду бажы тармагындагы "серый кардиналдардын бири" деп атап, аны кызматтан алууга 2017-жылы өзү тапшырма бергенин айтканы бар. Бүгүн болсо Матраимов "иштен мыйзамсыз бошотту" деп мурдагы премьер Сапар Исаковду соттон утуп, кайрадан Бажыдагы майлуу-сүттүү кызматына кайтууну көздөөдө. Бажыдагы коррупцияга каршы күрөштө "киттерге" кезек жете элек...
Баткендин Максат айылында Кыргыз-Тажик чек арачыларынын ортосунда жаӊжал чыкты. Чек ара кызматынын маалыматына таянсак, Тажик аскерлери Максат айылынын тургундарын тактала элек тилкедеги Кыргызга таандык стадиондо мөмө-жемиш саттырбай кууган. Ал жерге барган Кыргыз тараптын чек арачылары коӊшу өлкөнүн аскерлеринен аймактан чыгып кетүүнү талап кылып, бирок алар баш тартып, асманга ок атышкан. Мындан кийин Кыргыз чек арачылары аларды кармап, колу-бутун байлашканы айтылат. Интернет желесине чек арачылардын тиреши тартылган видео тарап кетти. Кыргыз-Тажикстан чек арасынын жалпы узундугу - 971 чакырым. 2018-жылга карата анын 521 чакырымы такталып, 450 чакырымы тактала элек. Такталбаган тилкенин айынан Кыргыздын Баткен аймагында маал-маалы менен чек ара жаӊжалы чыгып турат. Тажикстандын чек ара кызматы жогорудагы окуяда Кыргыздын чек ара кызматы тараткан маалыматты четке какты. Тажикстандын чек ара мекемеси биринчи болуп Кыргыз аскерлери ок чыгарып, кармалган Тажикстан аскерлери олуттуу жаракаттарды алганын, муну менен Кыргыз тарап өлкөлөр ортосундагы буга чейинки келишимдерди бузуп атайын чагымчылдык кылып жатканын билдирди. Адаттагыдай, маалыматтык чабуул башталды. Быйыл февралда Баткендин Сада айылында, апрель айында Үч-Дөбө айылында Кыргыз-Тажик жарандарынын ортосунда чыр чыккан. Баткендин чек арага канатташ жайгашкан айылдарында жашоочулардын коопсуздугу дале өзгөрүүсүз, курч бойдон калууда...