ЖЫЛНААМА, 6-ИЮНЬ: Бүгүн 43 жашка толгон ырчы Токтобек Асаналиев: "Кесиптештерим көйнөк кийгизип куттуктады"

Бүгүн эстрада жана фольклор ырчысы Токтобек Асаналиев 43 жашка толду. Ырчыны туулган күнү менен куттуктап SUPER.KG порталы байланышка чыкты.

"Быйыл туулган күнүм ыйык Рамазан айына туш келди. Ошого байланыштуу туулган күндү белгилөөнү орозо аяктагандан кийинкиге калтырдым. Бирок куттуктап, белектерин бергендер болуп жатат. Эртең менен жумушка келгенде кесиптештерим көйнөк (рубашка) кийгизип куттукташты. Кечкисин жолдошторум менен ресторандардын биринде ооз ачабыз", - дейт ал.

Токтобек Асаналиев 1975-жылы 6-июнда Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ача-Кайыңды айылында төрөлгөн. Мектептен кийин Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы 2 жылдык студияны, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун, Улуттук консерваторияны аяктаган.

Алгач ырчы Кенже Кубатова менен баш кошуп, Канат аттуу уулдуу болушкан. Алар 10 жылдай чогуу жашагандан кийин эки ажырым жолго түшкөн. Андан соң Токтобек Асаналиев Саадат аттуу айымга үйлөнгөн. Учурда алар 5 баланы тарбиялап келишет.

2017-жылдын 30-июнь күнү Токтобек Асаналиев менен анын мурунку жубайы Кенже Кубатованын уулу, 20 жаштагы Канат Наматбеков ууланып каза болгон.

Токтобек Асаналиев "Боогачың сенин болоюн", "Жаштарга", "Асылзатым" жана башка ырлары менен эл оозуна алынган.
6-июнга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rasul94
2018-06-06 18:56:43
Койнок кийгизгенине чейин эле айта береби.
Коп жаша Токо
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан