Ырчылар Токтобек Асаналиев менен Кенже Кубатованын тун уулу, жаш таланттуу комузчу Канат Наматбеков дүйнө менен кош айтышты. Бул тууралуу кабар бүгүн, 1-июлга караган түнү социалдык тармактарга тарады.
Такталбаган маалыматтар боюнча, ал достору менен чөпкө барып ууланып калышкан. Канат каза таап, достору жандандыруу бөлүмүндө жатканы жана алар эмнеге ууланышканы такталып жатканы кабарланууда.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты жаш комузчунун көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Эми гана эл оозуна алына баштаган таланттуу комузчу Канат Наматбеков 20 жашта болчу. Жаштайынан комузда кол ойнотуп, бир катар сынактарда талантын сынап келген. 8 жашында "Түрк дүйнөсү" деген аталыштагы балдардын эл аралык фестивалына барып, алтын медаль уткан.