ЖКда оор кылмыш жасагандарды мунапыс аркылуу эркиндикке чыгарууга тыюу салуу сунушу киргизилди
"Киши өлтүрүү, зордуктоо сыяктуу оор кылмыш жасап камалгандар мунапыс аркылуу эркиндикке чыкпашы керек". Мындай пикирди бүгүн ЖКда депутат Исмаил Исаков айтты. "СССР убагында оор кылмыш кылгандар 15 жылга кесилип, ошол мөөнөткө отуруп чыгышчу. Азыр 25 жылга камалгандар амнистияга туш келип, эркиндикке чыгып кетишүүдө. Буга чек коюш керек",- деди Исаков. Айта кетсек, учурда парламентте "КРнын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралып жатат.