Бурулайга, анан өзүнө бычак сайган жигит ооруканадан чыгарылып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Бурулайга, анан өзүнө бычак сайган жигит убактылуу кармоочу жайга которулду. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн 11-июнда 20 жаштагы Бурлай Турдали кызына, андан соң өзүнө бычак сайган М.Б. аттуу жигит ооруканадан убактылуу кармоочу жайга которулду. Ал эртең, 12-июнда Бишкек шаарындагы №1-СИЗОго которулуп, тергөө иштери аяктаганга чейин кармалып турмакчы.

Эскерте кетсек, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө жигит ала качып бара жаткан кызын бычактап, андан кийин өз өмүрүн кыюуга аракет жасаган. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган. Ал эми кызга жана өзүнө бычак сайган М.Б. аттуу жаран Жайыл райондук ооруканасына жеткирилген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
newman
2018-06-11 22:26:59
Жигиттин аты жөнүн сүрөтүн койгула. Ачык баары корсун
+1
madina.87
2018-06-11 23:01:29
Бул жигит өлтүргөн эмес деп чыгышты го эми.
Ким өлтүрсө да татыктуу жаза алышын Аллахтан тилейбиз.
Бурулай жаткан жериң жаннат болсун
+4
Kirajsjk
2018-06-12 01:26:19
bul jigit biletda kim olturgonun.Jakwilap teriwtirip sonuna chigargila.jazasin aliwsin baari.Milisiyalar ga choon jaza beriw k.k ele,jumuwtan ele alip koiboi.Alardin da kunooloru chon.
-3
Karakash
2018-06-12 10:03:04
Жигит баарын эстеп айттып берүүсү керек. Эл арасында жигит өлтүргөн эмес, сөйкө салган жигити милициядагы таанышы менен кирип бычакталган деген сөздөр жүрүүдө.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан