Биз социалдык тармакта

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы чыкты, азырынча эң алдыңкы балл 237

Билим берүү жана илим министрлиги бул жылы өткөрүлгөн Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгын жарыялады. Маалыматка ылайык, жалпысынан 45 миң 607 окуучу тест тапшырган, анын ичинен 29 миң 49 окуучу кыргыз тилинде, 16 миң 558 бүтүрүүчү орус тилинде тапшырган.

Окуучулардын алган орточо баллы бул жылы 119,4 болду, өткөн жылы бул көрсөткүч 117,8 болчу. 110 болгон босого баллдан өткөн окуучулардын саны 26 миң 180ди түзүп, алар өлкөдөгү окуу жайларга тапшыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Жалпысынан алып караганда, тест тапшыргандардын 57 пайызы босого баллдан өткөн. Өлкө боюнча 119 тест борборлору иштеп, жыйынтыктарды эсептеп чыкты.

Мындан тышкары ушул жылдын 20-21-июль күндөрү Бишкек жана Ош шаарларында түрдүү себептер менен тест тапшыра албай калган окуучулардан тест алуу жүргүзүлөт.

Эң жогорку балл азырынча 237ни түзүүдө

Министрлик жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку балл алып Алтын сертификатка талапкер болгон окуучулардын тизмесин жарыялады. Тизмеге ылайык, азырынча эң жогорку баллдын ээси - Бишкектеги №70-мектеп-гимназиясынын окуучусу. Ал 237 балл менен сап башына чыккан.

Андан кийинки катарда 232 балл менен Бишкектеги физика-математикалык багыттагы №61-мектептин окуучусу, 3-орунда ушул эле билим берүү мекемесинин окуучусу 231 балл менен жайгашкан. Өлкөдөгү каалаган окуу жайына тапшыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло турган 59 окуучуну да жарыялады.

Аймак боюнча эсептегенде:

1. Бишкек шаары - 43 окуучу;

2. Ош облусу - 4 окуучу;

3. Ысык-Көл облусу - 3 окуучу;

3. Нарын облусу - 3 окуучу;

4. Талас облусу - 2 окуучу;

5. Баткен облусу - 1 окуучу;

5. Жалал-Абад облусу - 1 окуучу;

5. Чүй облусу - 1 окуучу;

Дагы бир окуучу мектебинин дарегин туура эмес көрсөткөн.

Эске салсак, өткөн жылы өлкөдөгү тест тапшырган окуучулардын эң алдыңкы сабына 236 балл менен Абай Жанузаков чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Negrusti
2018-06-14 19:03:20
70чи ала береткенда...)) Ошол жерде бир нерсе бар.
-1
realliver
2018-06-14 20:32:02
Negrusti,61-ники алса керек эле былтыр 236 ны
-1
Aitunuk
2018-06-15 19:58:18
Negrusti, шаардагы эң күчтүү гимназиялардын бири, татыктуу алган деп ойлойм.
0
Tansuluu09
2018-06-14 19:03:26
Куттуктайбыз!
0
kazakov1991
2018-06-14 19:07:57
Баткенден жок бекен эч кандай сан жазылбаптыр
0
sabirdinovich
2018-06-14 19:47:52
kazakov1991,Кадамжайдагы Семетей лицейинен бир окуучу бар экен
+1
Brilant-zhylan
2018-06-14 19:27:34
Менин карындашым ооруп калып тестке катыша албай калды, ооруканадан эми чыгат тест тапшырса болобу ?
+1
shahlet
2018-06-14 20:18:04
Brilant-zhylan,20-21-июль Ош,Бишкекте болот катыша албагандар деп жазылып туратко
-1
Missing-u
2018-06-14 23:14:33
57% босого баллдан отсо корсоткуч аз окунучтуу...бул дагы болсо мектептер слабый экенин далилдейт болбоду дегенде 70% болуш керек эле,министирлик ушуларга конул бурса жакшы болмок. Айлык аз деп кучтуу мугалимдер иштебейт айылдарда заочный буткон,пенсия дагы мугалимдер бутугу анан Кантип билим сапаты которулсун? Биздин айылдан 12 окуучудан 7 босого баллга жетпей калган,кагаз толтурта бербей билимге конул бурдурса жакшы болот эле
+2
Totyua.71.
2018-06-15 23:42:35
Missing-u,Туптуура...
0
Snejana
2018-06-15 02:44:41
2021 биз 240 менен алдыга чыгабыз.
-2
Seyitira8186
2018-06-15 20:57:01
Мммммммммммм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан