Бүгүн, 5-июлда Бишкек шаарындагы "Ала-Арча" мамлекеттик резиденцияда жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку балл алган окуучуларга президент Алмазбек Атамбаев "алтын сертификат" менен баалуу белектерди ыйгарды. Бул жылы өлкөдөгү тест тапшырган окуучулардын эң алдынкы сабына 236 балл менен Абай Жанузаков чыкты. Ал Бишкек шаарындагы №61-физика-математикалык мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү.
"Мен тесттин жыйынтыгын укканда абдан кубандым, кыйкырып, ичимдеги кубанычтын баарын чыгардым. Ата-энем мактап, алкап жатышты. Тест кыйын эмес, болгону адам өзүнө ишениш керек, эмгектениш керек. Мен эмгектендим, окудум, даярдандым. Жакшы балл алам деп күткөм, бирок өлкө боюнча биринчиге чыгам деп ойлогон эмесмин. Тапшыра турган жогорку окуу жайды тандап койдук. Кыргыз-Орус Славян университетинин программисттик факультетине тапшырам", - дейт Абай.
Борбор калаадагы №61-физика-математикалык мектеп-гимназиясынын окуучулары ЖРТ уюшулгандан тартып эң алдынкы көрсөткүчтөргө ээ. Өткөн, 2016-жылы да аталган мектептин бүтүрүүчүсү Данияр Ибраимов 237 балл менен биринчи орунга чыккан. Мектептин жетекчиси балдарды атайын ЖРТга даярдабай тургандыгын, математика сабагына көп басым жасалгандыктан жыл сайын жакшы жыйынтыктар боло тургандыгын айтты.
"Биз окуучуларды атайын ЖРТ үчүн даярдабайбыз. Бул физика-математикалык багыттагы мектеп болгондуктан балдар логикалык ой жүгүртүүгө көнгөн. Мындан улам алар ЖРТнын суроолорун белгилегенде кыйналбайт. Жалпысынан бул жылы биздин мектептен 7 окуучу "алтын сертификатка" ээ болду", - дейт аталган мектептин директору Юрий Низовский.