Ысык-Көл. Облуста акыркы 10 ай ичинде 21 адам өз өмүрүнө кол салып көз жумду
Бул тууралуу облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Белгилей
кетсек, өткөн жылы суицид боюнча 10 ай
ичинде 15 факты катталса, быйыл алардын саны 21ди түздү. Андан тышкары 8 адам өз жанын кыюуга аракет жасаган фактылар катталса,
алдардын басымдуу бөлүгү 15 жаштан 18 жашка чейинки өспүрүмдөр экени белгилүү болду. Кошумчалап кетсек, облус боюнча Жети-Өгүз району жана Каракол шаарында өз өмүрүнө кол салуулар көп кездешет.