Каракол шаарында 25-июнь күнү жеке менчиктеги "Экодан" тегирменин ишке киргизүү боюнча ачылыш аземи болду. Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана ММК өкүлдөрү катышты. Аталган тегирмендин ээси Бакыт Өмүркановдун айтымында, ЮСАИДдин жардамы менен тегирменге заманбап үлгүдөгү тараза жана буудайга толук анализ чыгаруучу лаборатория орнотулган. Муну менен катар тегирмен кызматкерлерине жаңы аппарат менен иштөө үчүн 3 күндөн 1 аптага чейин окутуулар жүргүзүлгөн. Кошумчалай кетсек, жаңы аппараттарды алып келип орнотуу үчүн 75-80 миң доллар жумшалган.