Укук коргоочу Качкын Булатов ЖЭБ чуусу боюнча: "Азыркы уурулардын алкымы чоң болуп жатат"

Коррупция боюнча соңку кылмыш иштери ЖЭБди модернизациялоо боюнча козголуп жатат. SUPER.KG порталынын паракорчулук бир гана ЖЭБде барбы деген соболуна укук коргоочу Качкын Булатов жооп берди.

Ал ЖЭБдин багыты менен көп адамдар камалып жатканын белгиледи. "Мурда Аскар Акаевдин убагында өкмөттө кылмыштуу топ иштечү деп айтылып келген. Алмазбек Атамбаевдин убагында дагы так ошондой болуптур. Азыр паралардын көлөмү дагы көп болуп жатат. Бизде уурулардын алкымы чоң экен. Минтип отурсак мамлекетти жоготуп алышыбыз мүмкүн. Өтө кооптуу убакыт болуп калды", - деген пикирде Булатов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Исланбек Сарсейитов, Мирлан Бакиров, Алтынбек Жунус уулу, Улугбек Ормонов, Махабат Мавлянова, энергетиканын экс-министри Картайбек Мукамбетов, саясий серепчи Алмазбек Акматалиевдин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан