Коррупция боюнча соңку кылмыш иштери ЖЭБди модернизациялоо боюнча козголуп жатат. SUPER.KG порталынын паракорчулук бир гана ЖЭБде барбы деген соболуна “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат Алтынбек Жунус уулу жооп берди.
Анын пикиринде, ар бир тармакта коррупция бар.
“Буга чейин коррупцияга каршы күрөшүү деп эле саясий каршылаштарын бир тараптуу жок кылат деген түшүнүк болуп калган. Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров сыяктууларга, чынында эле ошондой болгон. Ал эми ЖЭБдеги коррупцияны эч ким жашырып кала алган жок. Андан бир нече мурунку премьер-министр, депутат камалды. Менимче, бул жакшы көрүнүш. Бирок коррупцияга каршы эң чоң күрөш ушул ЖЭБ менен эле токтоп калбай уланышы керек.
Албетте, кайсы тармакка барбайлы, коррупция бардай сезилет. Коорупция десе эле постто турган бир бажычыны, ГАИшникти же салыкчыны кармап эмес, алардын жетекчилигин, ошол схеманы жок кылыш керек. Миллиондогон каражат, үйлөр кайдан чыкты? Ошону далилдеп беришсин. Алар бир күн да ишкерчилик кылган эмес. ЖЭБде авария болгондо эмне үчүн Сапар Исаков камалбай жатат деп айтышты. Кийин депутаттык комиссиянын корутундусу тааныштырылган күнү ким-кимге "крыша" болуп берип жатканы ачык билинип калды.
Исаков камалгандан кийин Осмонбек Артыкбаев Сооронбай Жээнбековдун жакын туугандары, кудасы экен деп отуруп, аны да каматышты. Кийин Жантөрө Сатыбалдиевда камалды. Бирок мен тергөө ишине аралашпоо керек деген пикирдемин. Бул кишилерди да күнөөлөгөндөн алысмын. Акпыз десе, сотто далилдеп беришсин”, - деди Жунус уулу.
Жогорку Кеңештин депутаттары Исланбек Сарсейитов, Мирлан Бакиров, Улугбек Ормонов, Махабат Мавлянова, энергетиканын экс-министри Картайбек Мукамбетов, саясий серепчи Алмазбек Акматалиев, укук коргоочу Качкын Булатовдун пикири төмөнкү шилтемеде.