Саясий серепчи Алмазбек Акматалиев: "ЖЭБдеги коррупциялык иштер - бул коррупцияга каршы күрөштүн башталышы"

Коррупция боюнча соңку кылмыш иштери ЖЭБди модернизациялоо боюнча козголуп жатат. SUPER.KG порталынын паракорчулук бир гана ЖЭБде барбы деген соболуна саясийсерепчи Алмазбек Акматалиевдин пикири.

Акматалиев азыркы коррупцияга каршы күрөш - бул башталышы гана.

"Бишкек ЖЭБиндеги иш чуулуу болуп калды, ошол себептен коррупциялык иштер ошол маселеде болууда. Бирок коррупциялык иштердеги фигуранттар бир эле адамдар болуп жатат, ЖЭБ, Тарых музейиндеги иштерди айтсак болот. Жалпы алып караганда, президент айткан сөздөрүн ишке ашырып жатат. Эң негизгиси президенттин бул иштерди аткарууга моралдык укугу бар, себеби президент өзү ыплас иштерге аралаштырды делген далил жок.

Учурда ЖЭБ боюнча болуп жатканы ал чоң иш болгондуктан ошол иштин артынан түшүп жатат, бул азыр башталышы. Алдыда "Датка-Кемин", Көчмөндөр оюндарын өткөрүүдөгү иштер, дагы башка иштер ачылат. Юрист катары түшүнүп жатам, коррупциялык иштерди колунан кармап албагандан кийин далилдеш өтө татаал иш. Ошол себептен коррупцияга каршы күрөшүүнү тез ыргакта жүргүзүүнүн кереги жок, эң башкысы багыт керек, күрөшөм дедиби, күрөшүш керек.

Бирок президент реалдуу реформаларды да жасаш керек, баарын эле камоо менен маселе аягына чейин чечилбейт. Бир нече убакыт өткөн соң эл президенттен реалдуу реформаларды, өзгөчө укук коргоо органдарындагы реформаларды талап кыла баштайт", - деди Акматалиев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Жунус уулу, Исланбек Сарсейитов, Мирлан Бакиров, Улугбек Ормонов, Махабат Мавлянова, энергетиканын экс-министри Картайбек Мукамбетов, укук коргоочу Качкын Булатовдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан