Кечээ, 20-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Салайдин Айдаров жашыруун добуш берүү жыйынтыгында Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагалыгына шайланды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынды.
Ал буга чейин ушул эле тармактык комитетке мүчө болуп келген.
Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Салайдин Айдаровду жаӊы кызмат орду менен куттуктап, анын ишине ийгиликтерди каалады.