"Кыргызстан" фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков бюджеттен көп акча бөлүнүп, насыянын эсебинен курулуп жаткан социалдык объекттердин, жолдордун натыйжалуулугуна көңүл буруу зарылдыгын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 21-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Жолдорду курууда чоң кредит алабыз. Нарындан өткөндөн кийин Кызыл-Бел ашуусунда жер көчүп жатат. Келечекте жер көчпөй тургандай кылып жолдорду оңдоо керек. Канча каражат кетти. Жол оңдоого бир топ каражат жумшап жатабыз. Жаңы курулган жолдорду бир жылдан кийин кайра оңдойбуз. Быйыл жолдорду түбөлүктүү кылып курсак жакшы болот эле", - дейт депутат.